Akchabarsearch
Источник фото: WWW

Опубликовано

07.04.2023, 03:37

Былтыркы жылы “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасы 8 миллион тонна жүк ташыган. Бул көрсөткүч 2021-жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 361,5 миң тоннага көп. Бул тууралуу аталган ишкананын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, компания 2021-2022-жылдары 100 жүк ташуучу жартылай вагон сатып алган. Ушундан улам жүк ташуунун көлөмү көбөйгөн.

Белгилей кетсек, 2022-жылы “Кыргыз темир жолу” компаниясы 268 миң 687 жүргүнчү ташыган. Эл аралык каттамда 14 272 жана ички каттамда 254 415 жүргүнчү ташыган. Эл аралык жүргүнчү поезддери 2022-жылдын 6-июнунан тарта каттай баштаган.

“Ташуу процессинде коопсуздуктун зарыл талаптарын сактоо максатында компания кыймылдуу состав паркын (локомотивдер жана вагондор), темир жол рельстерин, жасалма курулмаларды, суу менен камсыздоо тутумдарын, электр менен камсыздоону жана коммуникацияларды өз каражаттарынын эсебинен тейлейт жана оңдойт. Ошону менен бирге темир жол сызыктарын, жолдун үстүнкү конструкциясындагы кемчиликтерди өз убагында аныктоо жана жоюу максатында тиешелүү адистер тарабынан темир жолдордун абалына тактоо иштери дайыма жүргүзүлүп келет”, - деп айтылат маалыматта.

Кошумчалай кетсек, 2022-жылы 17 миң 319 км темир жол оңдолуп, 11 жүргүнчү вагон капиталдык оңдоодон өткөрүлгөн.


Читать похожее