Опубликовано
25.02.2022, 04:01Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Казакстандын Нур-Султан шаарында өтүп жаткан Евразиялык өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйынынын алкагында Беларусиянын премьер-министри Роман Головченко менен жолугушту. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Министрлер Кабинетинин башчысы 2020-жылга салыштырмалуу 2021-жылы өз ара байланыштардагы жана эки тараптуу соода динамикасындагы оң көрүнүштөрдү белгиледи.
“Өткөн жылдагы өз ара товар жүгүртүү дээрлик 72 млн долларды түзүп, 2020-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 50%га жогорулаган. Бул көрсөткүчтөр интеграциялык бирикмеге кирген биздин мамлекеттердин ортосунда орун алган потенциалга жооп бербейт. Менин пикиримде, соода жүгүртүүнү жогорулатууга умтулуубуз керек", - деди ал.
Роман Головченко өз кезегинде эки тараптуу кызматташтыкты мындан ары карай чыңдоого, анын ичинде айыл чарба техникасын, ошондой эле жүргүнчүлөрдү ташуу транспортун жеткирүүгө даярдыгын билдирди.
Жолугушууда тараптар эки тараптуу кызматташуу маселелерин талкуулады. Мындан тышкары, үстүбүздөгү жылдын март айында Бишкек шаарында соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий-гуманитардык кызматташуу боюнча кыргыз-беларусь өкмөттөр аралык комиссиясынын жыйынын өткөрүү сунушталды.