akchabar logo with typographysearch
    Main photo
    Источник фото: Интернеттен алынды

    Опубликовано

    05.04.2024, 11:35

    “Кумтөр Голд Компани” жабык акционердик коомунун президенти Алмазбек Барыктабасов “Кумтөр” кенинин жетекчилери жана кызматкерлери менен жолугушту.

    Анын айтымында, 2023-жылы “Кумтөр Голд Компани” үчүн ийгиликтүү болду.

    “Республикалык бюджетке 17 млрд 241 млн 71 миң сом түштү. Бул сиздин чоң эмгегиңиз. Кумтөр алтын кени күнү-түнү иштеп, өлкө үчүн алтын өндүрүп жатканы сиздердин аркаңыздар”, - деди ал.

    Компаниянын жетекчиси “Кумтөр” кенинде ишке киргизилген алтынды жер астынан казып алуу долбоору алтын өндүрүүнүн көлөмүн көбөйтүүгө жардам берерин билдирди.


    Читать похожее