Akchabarsearch
Источник фото: www

Опубликовано

02.06.2023, 11:31

Былтыркы жылы туристтик компаниялардын кирешелери өскөн. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитет билдирди.

Маалыматка ылайык, 2022-жылы 1700 субъект туристтик ишмердүүлүк менен алектенген. Уюшкан жана уюшулган эмес секторлордо эс алган туристтердин саны 1,97 млн. адамды түздү.

Белгилеп кетсек, туризм субъекттеринин саны кыскарганына карабастан, 2022-жылы туристтик кызмат көрсөтүүдөн түшкөн киреше көбөйүп, 7,2 млрд. сомду түздү. Ал эми 2021-жылы туризм тармагынын субъекттеринин кирешеси 4,6 млрд. сомду түзгөн.

Чарба жүргүзүүчү субъекттердин кирешеси жылдар боюнча:

  • 2010-жылы - 1,7 млрд. сом
  • 2020-жылы - 2,3 млрд. сом,
  • 2021-жылы - 4,6 млрд. сом,
  • 2022-жылы - 7,2 млрд. сом.


Читать похожее