Akchabarsearch
    Источник фото: www

    Опубликовано

    26.04.2022, 06:47

    Өткөн жылы камсыздандыруу компаниялары тарабынан 266 миң камсыздандыруу келишими түзүлдү, бул 2020-жылга салыштырганда 1,7 эсеге көп,- деп билдирди Улуттук статистика комитетинен.

    Түзүлгөн келишимдердин жалпы санынын ичинен 88% жеке жактар менен түзүлгөн келишимдерге туура келди. Ыктыярдуу камсыздандыруу үлүшүнө түзүлгөн келишимдердин жалпы санынын дээрлик 70% туура келди.

    Түзүлгөн келишимдер боюнча камсыздандыруунун суммасы 2020-жылга салыштырмалуу 45% көбөйүү менен 2021-жылдын аягына карата 967 млрд. сомдон ашык түздү. Жоопкерчиликти ыктыярдуу камсыздандыруу жана жеке туризм камсыздандыруу келишимдери боюнча камсыздандыруу суммасынын эң көп көбөйүшү белгиленди.

    2021-жылы камсыздандыруу төгүмдөр 1,3 млрд. сомдо келип түшкөн, бул 2020-жылга караганда 4% аз.

    2021-жылдын ичинде 8 миң бирдиктен ашык камсыздандыруу учурлар байкалды, алардын ичинен 66% ыктыярдуу жеке медициналык камсыздандырууга туура келди. Камсыздандыруу төлөмдөрүнүн жалпы суммасында 57% - ыктыярдуу мүлктүк камсыздандырууга жана 24% - жеке медициналык камсыздандырууга туура келди.


    Читать похожее

    • 22.04.2024, 05:40:25
    • 26.04.2022, 00:47:32
    • 25.04.2022, 22:16:39
    • 06.01.2021, 05:00:56