Akchabarsearch
Источник фото: Интернеттен алынды

Опубликовано

09.02.2022, 09:15

Былтыр Башкы прокуратура тарабынан коррупцияга каршы күрөштүн жыйынтыгында мамлекеттик бюджетке 1 миллиард 288 миллион сом кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокурор Курманкул Зулушев маалымат жыйынында билдирди.

Белгилүү болгондой, каражаттын 193 миллион 219 миң сому акчалай, 1 миллиард 95 миллион 16 миң сому материалдык баалуулуктар түрүндө кайтарылды.

Ошондой эле, жалпысынан 7 миң 565 текшерүү жүргүзүлүп, 16,7 миң мыйзам бузуу аныкталган, 7 миң 900 акт түзүлүп, 6 миң 400 кызмат адамы жоопкерчиликке тартылган.

Мындан тышкары, жер тилкелерин мамлекетке кайтаруу иштеринин негизинде1 млрд 95 млн сом компенсацияланган.


Читать похожее

  • 05.08.2024, 05:25:56
  • 02.08.2024, 01:27:03
  • 23.07.2024, 04:16:08
  • 09.07.2024, 04:26:11