Akchabarsearch
    Источник фото: www

    Опубликовано

    10.07.2023, 05:20

    Былтыр калктын реалдуу акчалай кирешелеринин көлөмү республика боюнча 559,2 млрд. сомду түздү. Бул көрсөткүч 2021-жылга салыштырмалуу 3,2 %га өскөн. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитети билдирди.

    Ошондой эле, Кыргызстандын калкынын номиналдык акчалай кирешелери 2022-жылы 637,1 млрд. сомду түзгөн, бул көрсөткүч 2021-жылга салыштырмалуу 17,6 %га көп.

    “2022-жылы калктын киши башына алгандагы реалдуу орточо акчалай кирешелери айына 7 396,7 сомду түзүп, өткөн жылга салыштырганда 5,5 %га көбөйдү”, - деп айтылат маалыматта.

    Ошондой эле, 2022-жылы милдеттүү төлөмдөр жана төгүмдөрдү кармап калгандан кийинки кирешелер менен мүнөздөлгөн, калктын киши башына бөлүнгөн орточо акчалай кирешелери жалпысынан республика боюнча айына 7 948,4 сомду түзгөн. Бул 2021-жылга салыштырмалуу 19,6 пайызга көп.

    Кабардар болуңуз! Биздин телеграм каналыбызга жазылыңыз.


    Читать похожее