Akchabarsearch
Источник фото: www

Опубликовано

07.08.2023, 11:35

Июль айында Мамлекеттик бажы кызматы бажы төлөмдөрүн белгиленген пландан 1,1 млрд сомго көп чогултту. Бул тууралуу Бажы кызматы билдирди.

Алсак, 2023-жылдын июль айында мекеме аркылуу бюджетке 10,2 млрд сом түшкөн.

“Каржы министрлиги тарабынан белгиленген тапшырмалар 111,7%га аткарылды же 1,1 млрд сомго көп чогултулду”, - деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле, 2022-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу түшүү 4,6 млрд сомго көбөйдү, же өсүү темпи 182,6%ды түздү.


Читать похожее