Akchabarsearch
    Источник фото: www

    Опубликовано

    15.06.2023, 09:11

    Апрель айында Кыргызстандан Швейцарияга 598 кг 30,5 г алтын экспорттолду. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитети билдирди.

    Маалыматка ылайык, январь-март айларынын маалыматы боюнча бул айларда Швейцарияга 645 кг 255,3 г жеткирилген.

    Төрт айда Швейцарияга сатылган жалпы көлөм 78 млн. 223,9 миң долларды түздү. Бул орточо эсеп менен 1 г үчүн 62,9 доллар же унций үчүн 1956,9 доллар. Бул Лондон биржасындагы алтындын наркына жакын баа.

    Жалпысынан январь-апрель айларында Кыргызстандан 87 млн. 922 миң 749 доллар, 1 тонна 411 кг 167,9 г алтын экспорттолгон:

    • Кытай (Гонконг) - 9 млн. 698 миң 859 доллар өлчөмүндө 167 кг 882,1 г. Бул орточо эсеп менен бир унций үчүн 1796,9 долларды түзөт;
    • Швейцария - 1 т 243 кг 285,8 г, же жалпы көлөмдүн 88%.

    Читать похожее