Опубликовано
27.04.2022, 08:43Акыркы бир сутка ичинде Улуттук банк тарабынан чыгарылган алтындын бир унций баасы 34,5 долларга кымбаттады.
Алсак, 27-апрелге карата кайра сатып алуу баасы 166 миң 46 сом деп белгиленди. Мындай маалыматтар борбордук банктын сайтында берилген.
Бир күн мурда кайра сатып алуу баасы 163 миң 138,5 сомду түзгөн. Муну менен алтындын бир унциясын кайра сатып алуу баасы 2907,5 сомго же 1,78%га жогорулады.
Кошумчалай кетсек. бүгүнкү күндө Улуттук банктын аффинаждалган алтын куймаларынын унциясын 192 миң 72,5 сомдон сатып алууга болот. Үстүбүздөгү жылдын 30-мартынан бери алтындын сатуудагы баасы өзгөрүүсүз калып, 198 миң 548 сомду түзгөн. Бирок, кечээ анын баасы 3,26% төмөндөгөн.