akchabar logo with typographysearch
    Main photo
    Источник фото: Интернеттен алынды

    Опубликовано

    11.02.2020, 08:00

    Кытайдан жыл сайын 2 миңдей жүк ташуучу унаа кирип турат. Бул тууралуу Жогорку Кеңеште мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы Алтынбек Торутаев билдирди.

    Анын айтымында, Кытай тарап менен товар жүгүртүгү боюнча айырмачылык 3 миллиард доллар өлчөмүндө.

    «Кытайдан 1 миллиард 900 миллион доллар импорттолгон. Кытайдын маалыматы боюнча 5 миллиард доллар көлөмүндө. Айырмачылык чоң. Бул эки тараптын эки башка көрсөткүчтөрүнө байланыштуу. Биз товарлардын наркын көрсөтсөк, алар салмагын баалайт», — дейт ал.

    Алтынбек Торутаев Кытай Кыргызстан аркылуу Тажикстанга ташылган товарды дагы өзүнчө белгибестигин айтты.


    Читать похожее

    • 11.02.2020, 02:00:41
    • 20.01.2020, 21:30:35