Akchabarsearch
Источник фото: www

Опубликовано

09.08.2023, 07:43

Айыл чарба министрлигине караштуу Химизациялоо, өсүмдүктөрдү коргоо жана карантин департаментинин кызматкерлери тарабынан 2023-жылдын 28-июлунан 4-августуна чейин ата мекендик айыл чарба продукцияларына карантиндик фитосанитардык көзөмөл жүргүзүлдү. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, бул аралыкта Ысык-Көл облусунан 1723 тонна айыл чарба продукциясы экспорттолгон. Ошондой эле, Ысык-Көл облусунан Орусия жана Казакстанга 1215 тонна сарымсак экспорттолду.

“Үлгүлөр тиешелүү фитосанитардык лабораторияларга өткөрүлүп, натыйжада карантиндик зыянкечтердин бар экендиги тастыкталган эмес, 96 фитосанитардык сертификаттар берилди”, - деп айтылат маалыматта.


Читать похожее