Опубликовано
31.07.2023, 11:16Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаментинин кызматкерлери 21-июлдан 27-июлга чейин өлкө ичине жана тышкы аймактарга ташылып жаткан 6968 тонна ата мекендик айыл чарба өндүрүмүнө карантиндик фитосанитардык көзөмөл жүргүздү. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Ош облусунан 961 тонна айыл чарба өндүрүмү экспорттолгон.
“Үлгүлөр тиешелүү фитосанитардык лабораторияларга өткөрүлүп берилип, натыйжада карантиндик зыянкечтер тастыкталган жок, 67 фитосанитардык сертификаттар берилди”, - деп айтылат маалыматта.
Бул жумада Ош облусунан Орусияга 656 тонна мөмө-жемиш экспорттолду.