Akchabarsearch
    Источник фото: www

    Опубликовано

    16.08.2023, 03:45

    Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаментинин кызматкерлери ушул жылдын 4-10-августуна карата өлкөнүн чек арасында жана аймагында экспорттоолуучу 5 миң 120 тонна ата-мекендик айыл чарба продукциясына карантиндик фитосанитардык көзөмөл жүргүздү. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти.

    Экспорттук көлөмү боюнча:

    • Чүйдөн 874 тонна жемиш Орусия, Казакстан, Беларусь өлкөлөрүнө экспорттолгон.
    • Таластан 416 тонна төө буурчак өсүмдүктөрү Иран, Грузия, Өзбекстан, Орусия, Пакистан өлкөлөрүнө экспорттолгон.
    • Ысык-Көлдөн 130 тонна сарымсак (чеснок) Орусия, Казакстан өлкөлөрүнө экспорттолгон.
    • Жалал-Абаддан 65 тонна пахта буласы Иранга, 130 тонна каперсон Түркияга экспорттолгон.
    • Баткенден 27 тонна чеснок, 24 тонна таарынды (опилка), 19 тонна бадам Өзбекстанга экспорттолгон.

    Читать похожее