Akchabarsearch
    Источник фото: www

    Опубликовано

    27.01.2022, 03:42

    Мамлекеттик салык кызматы 2021-жылдын жыйынтыгы боюнча Бирдиктүү салык декларациясын кабыл алуу кампаниясын баштады.

    Кезектеги декларациялык кампания эки этапта өтөт. Ага ылайык 1-мартка чейин юридикалык жактар, 1-апрелге чейин жеке жактар өткөн жылы алынган кирешелери ошондой эле, жер участоктору жана мүлк объектилери, экономикалык ишмердиктери тууралуу жана башка маалыматтар жөнүндө салык органдарына отчет берүүлөрү керек.

    "1-мартка чейин Бирдиктүү салык декларациясын ата-мекендик уюмдар, дыйкан жана фермердик чарбалар, туруктуу мекемесин түзүү менен Кыргызстанда иштеген чет өлкөлүк уюмдар тапшырууга милдеттүү. Ошондой эле 1-апрелге чейин мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер, жеке ишкерлер, менчигинде салык салынуучу кыймылдуу (транспорт), кыймылсыз (батир жана үй) мүлкү жана жер участогу (короо-жай участкаларынан башка) бар жеке жактар, ошондой эле, юридикалык жакты түзбөй туруп иштеген дыйкан жана фермердик чарбалар Бирдиктүү салык декларацияны тапшырууга милдеттүү",- деп айтылат Салык кызматынын маалыматында.

    Белгилей кетсек, 2021-жылга карата Бирдиктүү салык декларациясы 2021-жылдын 31-декабрына карата белгиленген формаларга жана мөөнөттөргө ылайык берилет. Кийинки жылдан тартып жаңы формалар жана мөөнөттөр боюнча бериле баштайт.

    Толук маалыматты 116 номеринен же www.sti.gov.kg сайтынан алууга болот.


    Читать похожее

    • 03.04.2024, 04:10:56
    • 29.03.2024, 01:30:42
    • 19.03.2024, 04:27:58
    • 17.01.2024, 23:28:39