Akchabarsearch
Источник фото: www

Опубликовано

01.03.2022, 06:14

Өткөн жылдын жыйынтыгы боюнча бирдиктүү салык декларациясын кабыл алуу өнөктүгүнүн экинчи этабы башталды. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Өнөктүк ушул жылдын 1-апрелине чейин жүргүзүлөт.

"Аталган мөөнөткө чейин мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер, жеке ишкерлер, менчигинде салык салынуучу кыймылдуу (транспорт), кыймылсыз (батир жана үй) мүлкү жана жер участогу (короо-жай участкаларынан башка) бар жеке жактар, ошондой эле, юридикалык жакты түзбөй туруп иштеген дыйкан жана фермердик чарбалар Бирдиктүү салык декларацияны тапшырууга милдеттүү",- деп айтылат билдирүүдө.

Эске салсак, кечээ, 28-февралда юридикалык жактардын бирдиктүү салык декларациясын тапшыруу мөөнөтү аяктады. Анда салык декларацияны ата-мекендик уюмдар, дыйкан жана фермердик чарбалар, туруктуу мекемесин түзүү менен Кыргызстанда иштеген чет өлкөлүк уюмдар тапшырууга милдеттүү болгон.

Толук маалыматты 116 номеринен же www.sti.gov.kg сайтынан алууга болот.


Читать похожее

  • 19.03.2024, 00:52:26
  • 15.10.2023, 23:31:02
  • 23.03.2022, 02:14:05
  • 11.03.2022, 00:37:27