Опубликовано
25.04.2022, 05:29Ушул жумада Бишкек – Инчхон (Түштүк Корея) багытындагы чартердик каттамы ачылып, 2023-жылга чейин өлкөлөр ортосунда үзгүлтүксүз аба каттамдарын уюштуруу пландалууда. Бул маселе Кыргызстандын Кореядагы элчиси Аида Исмаилова менен Түштүк Кореянын T’Way авиакомпаниясынын президенти Йонг Хонг Ген башында турган делегациясынын жолугушуусунда айтылды.
Авиакомпаниянын президентинин айтымында, компания 2020-жылдын февраль айында Инчхон-Бишкек багыты боюнча түз авиакаттамдарды ишке ашырууга уруксат алган, бирок пандемиядан улам чек аралар жабылган.
2022-жылдын сентябрында компания алыскы каттамдар үчүн жаңы учактарды алууну көздөп жатат. Авиациялык коопсуздук боюнча тестирлөөдөн өткөндөн кийин Кыргызстанга туруктуу каттамдар ачылышы мүмкүн. Бул 2023-жылы болот деп пландалууда.
Бирок ага чейин чартердик каттамдарды уюштурууга кызыкдарлыгын билдирип, аны 28-апрелде ишке ашыруу пландалды.