Akchabarsearch
Источник фото: Интернеттен алынды

Опубликовано

02.07.2024, 04:28

Бишкек шаарынын мэриясынын Муниципалдык мүлктү башкаруу боюнча департаменти муниципалдык менчикте турган автотранспорт каражаттарын сатуу боюнча аукцион болорун билдирди.

96 лоттон турган аукцион 2024-жылдын 25-июлунда саат 14:00дө Бишкек ш. Чокморов көч, 246 дарегинде өткөрүлөт. Арыздар 2024-жылдын 22-июлуна чейин кабыл алынат.

Ачык аукционго катышуу укугун алуу үчүн талапкер Бишкек шаарынын мэриясынын Муниципалдык мүлктү башкаруу департаментине төмөнкүлөрдү тапшырат:

  • лоттун номерин көрсөтүү менен ачык аукционго катышуу ниети жөнүндө жазуу жүзүндөгү арыз;
  • талапкер жеке адамдын инсандыгын тастыктаган документ;
  • арыз берүүчүнүн жетекчиси экендигин ырастоочу документ же жеке жактын же юридикалык жактын-арыз берүүчүнүн атынан иш алып баруу укугуна ишеним кат;
  • кепилдик взностун (депозиттин) төлөнгөндүгүн ырастоочу төлөм документтери.


Читать похожее