
Опубликовано
01.08.2023, 11:25Быйыл 20-августтан тарта борбор калаадагы автобус жана троллейбустар жол акысын накталай албайт. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты.
Белгилеп кетсек, 2020-жылдын март айынан бери швейцариялык “BPC KG” компаниясы борбор калаада “Тулпар” электрондук билеттерин сатуу долбоорун ишке ашырууда. Жарандардын электрондук төлөмгө ыңгайлуу өтүүсү үчүн система эки жыл ичинде акырындык менен ишке киргизилген.
“Атайын акция боюнча жүргүнчүлөр стандарттык транспорттук картаны айдоочулардан 30 сомго сатып ала алат”, - деп айтылат маалыматта.
Накталай эмес төлөм ыкмаларынын төмөнкү жолдору бар:
Кошумчалай кетсек, стандарт көк карталарын “Кыргызпочтасы” мамлекеттик ишканасынын кеңселеринен, О! Мегаком, Билайн мобилдик операторлордун кеңселеринен жана автобус, троллейбус айдоочуларынан сатып алса болот.



