Опубликовано
23.08.2023, 08:00Бишкек шаардык кеңеши мэрия менен Ички иштер министрлигинин ортосундагы кызматташуу келишимин түзүүгө макулдук берүү боюнча токтомдун долбоорун коомдук талкууга койду.
Документке ылайык, макулдашуунун максаты мыйзамдуулукту, жарандардын укуктарын жана эркиндиктерин камсыз кылуу, коомдук тартипти коргоо боюнча биргелешкен чараларды ишке ашыруу болуп саналат.
“Анын алкагында быйыл Бишкек шаарынын Ленин, Октябрь, Биринчи май, Свердлов райондорунун муниципалдык администрациялары тарабынан каралган 40 млн сом борбордук Ички иштер башкы башкармалыгына жөнөтүлөт”, - деп айтылат маалыматта.
Акча сервердик жабдууларды, видеобайкоо камераларын жана башка аппараттык түзүлүштөрдү, анын ичинде видеобайкоо системаларын (VMS) куруу үчүн программалык камсыздоо лицензияларын, борттогу аппараттык жана программалык камсыздоо системасын (бетти идентификациялоо, унаанын номерин таануу функциясы менен) сатып алууга жумшалат.