Akchabarsearch
Источник фото: Бишкек мэриясы

Опубликовано

17.09.2020, 08:50

Шаардын социалдык саясат боюнча вице-мэри Виктория Мозгачева Кореянын Кыргызстандагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Ха Тэ Ёк менен жолукту.

[news 28086]

Муниципалитеттин басма сөз кызматы билдиргендей, элчи шаардыктарга 500 даана KF94 беткабын, 20 даана коргонуу костюмун, 20 даана пластикалык коргонуу беткабын жана 2 кычкылтек концентраторун жардам катары берди.

Вице-мэр Виктория Мозгачева Корея Республикасынын элчисине пандемия учурунда көрсөткөн колдоо үчүн ыраазычылык билдирди. «Сиздер көрсөткөн гуманитардык колдоо адам өмүрүн сактоого жардам берет деп ишенем», - деди вице-мэр.

Белгилей кетсек, 4-сентябрда COVID-19 менен күрөшүү максатында Куми боордош шаарынан (Түштүк Корея, Кёнсан-Пукто провинциясы) 20 миң AirQueen KF80 беткабы, 10 миң стоматологиялык беткабы жардам катары берилген.

«Бишкек шаарынын мэриясы Кореянын Кыргызстандагы элчилигине пандемия учурунда көрсөткөн колдоосу үчүн терең ыраазычылык билдирет», - деп айытлат маалыматта.


Читать похожее

  • 24.07.2024, 21:34:53
  • 23.07.2024, 01:40:05
  • 19.07.2024, 01:34:37
  • 17.07.2024, 22:01:01