akchabar logo with typographysearch
    Main photo
    Источник фото: Интернеттен алынды

    Опубликовано

    24.03.2021, 11:20

    Бишкек мэриясынын айрым кызматкерлери ээси жок батирлерди ээлеп алгандыгы аныкталганын Ички иштер министрлигинен билдиришти.

    [news 31710]

    Маалыматка ылайык, сотко чейинки иликтөөнүн жүрүшүндө Бишкектин Аламүдүн-1 кичирайонунун аймагында жайгашкан батирлер мэриянын Муниципалдык мүлктөр башкармалыгына тиешелүү экендиги аныкталды. Ал батирлер бүгүнкү күндө соттун чечими менен ээси жок батирлер катары таанылган.

    «Мыйзамга ылайык, батирлер аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө берилиши керек. Бирок 2013-жылы Свердлов районунун Муниципалдык аймактык башкармалыгынын начальниги М.А.га батир Бишкек шаарынын мэриясынын тиешелүү чечими жок берилген. Ал бүгүнкү күндө батирди бошотуудан баш тартууда», - деп айтылат маалыматта.

    [news 33279]

    Андан сырткары, соттун чечими менен ээси жок батирлер катары эсептелген 34 батир аныкталып, алардын ичинен 5инде Бишкек мэриясынын айрым жооптуу кызматтагы адамдары жашап жаткандыгы аныкталды. Андан сырткары, учурда башка даректердеги жашоочуларды аныктоо жана тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.


    Читать похожее

    • 11.07.2024, 00:45:00
    • 31.05.2024, 04:32:21
    • 06.05.2024, 00:38:24
    • 20.02.2024, 00:20:49