Akchabarsearch
Источник фото: Интернеттен алынды

Опубликовано

09.08.2024, 11:03

Бишкек-Ош унаа жолунун Суусамыр жолунун 100 чакырымына асфальт төшөө иштери пландалууда. Бул тууралуу Транспорт жана коммерция министрлиги билдирди.

Быйылкы жылы биринчи кезекте жолдун 152-162-чакырымдар аралыгына (Суусамыр өрөөнү), тагыраагы жалпы 10 чакырымына асфальт төшөө иштеринин долбоордук-сметалык иш кагаздары даярдалып, курулуш иштерин уюштуруу боюнча жумуштар жүрүүдө.

"Жолдун жогоруда аталган тилкесине жакын жайгашкан асфальт-бетон заводу жок. Алыстан алынып келинген жол куруу материалдары сапаты жагынан талапка жооп бербей калат. Завод орнотулган соң асфальт төшөө иштерин баштоо пландалууда. Бүгүнкү күнгө чейин Бишкек-Ош унаа жолунда (Суусамыр өрөөнү) 13 000 м2 аң-чөнөктөрдү жамоо иштери аткарылып, талапка ылайык келтирилди. Азыркы тапта иштер планга ылайык уланууда", - деп айтылат маалыматта.

Эл аралык маанидеги Бишкек-Ош унаа жолунун жалпы узундугу 678 чакырымды түзөт. 1964-1965-жылдары курулуп, колдонууга берилген бул жол 2002-жылы реабилитациядан өткөрүлгөн.


Читать похожее