Опубликовано
07.05.2024, 06:20Бишкек жана Чүй облусунда 10 субъект газдаштырууга жеңилдетилген насыя алды. 25-апрелге карата маалымат менен Каржы министрлиги бөлүштү.
Жалпы берилген сумма 1 миллион сомдон ашты.
Эске салсак, Бишкек жана Чүй облусун газдаштыруу боюнча долбоор буга чейин министрлер кабинетинде бекитилген.
Программа үйлөргө жана башка объектилерге газ өткөрүүгө мамлекеттик колдоо көрсөтүүгө багытталат. Каражат жабдууларды сатып алууга берилет.