Akchabarsearch
    Источник фото: Интернеттен алынды

    Опубликовано

    17.08.2020, 09:00

    Бишкек ЖЭБине 700 миң тонна көмүр алууга келишим түзүлдү. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында Өнөр-жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы Эмил Осмонбетов билдирди.

    [news 27078]

    «29-июндагы сынактын жыйынтыгы боюнча "Кыргыз көмүр" ишканасы менен 700 миң тонна көмүргө келишим түзүлдү. 20-август күнү Таш-Көмүрдүн 600 миң тонна көмүрүн алуу боюнча сынак жарыяланат. Сырттан 330 миң тонна көмүр алуу боюнча сынак жарыяланып, 12-августта сынактык арыздар ачылды. Бүгүнкү күнү тендердик комиссия иштеп жатат. 11-августта 4 миң тонна мазут боюнча сынактык арыздар ачылып, арыздарды сынактык комиссия карап жатат. Ош ЖЭБине 20 миң тонна кыргыз мазутун алуу боюнча "Кыргызмунайгаз" компаниясы менен келишим түзүлүп, мазут жерине жеткирилди», - деди ал.

    Анын айтымында, өлкө боюнча 768 отун базасын ачуу пландалууда.


    Читать похожее

    • 17.08.2020, 03:00:14