Akchabarsearch
Источник фото: Интернеттен алынды

Опубликовано

23.07.2024, 11:30

Бишкектин мэриясы башка облустардан жана чет жерден борбор калаага келген унаалардан, андан тышкары туристтерден жыйым чогултууну пландоодо. Токтом долбоору коомдук талкууга коюлду.

Аталган демилге 1-августтан тарта 6 ай сыноо иретинде ишке ашырылат.

Белгиленгендей, унаасынын каттоосу башка облус-шаарларда болгон жарандар (айдоочуну эсепке албаганда, унаадагы орундуктар 8ден ашпаса) Бишкекке кириш үчүн 50 сом, чет элдиктер 200 сом төлөйт. Орундуктар 8ден көп болсо, өлкө жарандары 100 сом, чет өлкөлүктөр 1 миң сом төлөйт. Акча шаарга кирип жатканда, автоматтык система аркылуу чогултулат. Эгер кимдир-бирөө алдын ала жыйым катары 100 миң сом төлөсө, ага 30%дык жеңилдик берилет.

Министрликтердин, дипломаттардын, эл аралык уюмдардын жана кайгуул милиция, тез жардам, өрт өчүрүү кызматтарынын унаалары төлөмдөрдөн бошотулат. Долбоор бекитилсе борбордун кире беришинде каражат чогултуу пункттары уюштурулат.


Читать похожее

  • 25.07.2024, 00:37:59
  • 23.07.2024, 05:30:53
  • 23.07.2024, 05:02:32
  • 22.07.2024, 22:20:55