Akchabarsearch
Источник фото: Минкабдын басма сөз кызматы

Опубликовано

24.10.2023, 03:30

Монголиянын премьер-министри Лувсаннамсрайн Оюун-Эрдэнэ Кыргызстанга жумуш сапары менен келди. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан кабарлашты.

Аны “Манас” эл аралык аэропортунан Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов тосуп алды.

Монголиянын премьер-министринин жумуш сапарынын алкагында бир катар эки тараптуу жолугушуулар болот, ошондой эле ал 26-октябрда Бишкекте боло турган Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин өкмөт башчыларынын кеңешинин жыйынына катышат.


Читать похожее