
Опубликовано
24.08.2023, 10:20Капиталдык курулуш башкармалыгы Бишкек шаары, Киев көчөсү 131а дарегинде 3 кабаттуу №9 балдар музыкалык мектебин курууга тендер жарыялады. Бул тууралуу Мамлекеттик сатып алуулар порталы билдирди.
Маалыматка ылайык, жер тилкесинин жалпы аянты 0,512 га. Имараттын аянты 1117,57 м2.
“Сметалык баасы 65 млн 847 миң 873 сомду түзөт. 2023-жылга 10 млн сом өлчөмүндө каражат каралган”, - деп айтылат маалыматта.



