Akchabarsearch
    Источник фото: Минкабдын басма сөз кызматы

    Опубликовано

    22.10.2021, 10:35

    Бишкекте агроөнөржай комплексинин кызматкерлеринин кесиптик майрамына арналган "АгроТехЭкспо-2021" көргөзмөсүнүн ачылышы болду.

    Иш-чарада Министрлер кабинетинин төрагасы сөз сүйлөп, бул жылы айыл чарба кызматкерлери жогорку кесипкөйлүктү жана өжөрдүктү көрсөткөндүгүн белгиледи.

    "Аба-ырайындагы жагымсыз шарттарга карабастан, атамекендик айыл чарба кызматкерлери өлкө калкынын азык-түлүккө карай муктаждыгын камсыздоого чоң салым кошо алышты. Жеңилдиктер, насыялар, аба ырайынын катаал шартында дыйкандарды колдоого алуу, экспорттук субсидиялар жана жер семирткичтерди, транспортту жана күйүүчү-майлоочу майларды колдоо чаралары улантылат. Учурда биздин алдыбызда өзүбүздүн өндүрүштүк кубаттуулуктарды өнүктүрүү жана айыл чарба секторунун экспорттук потенциалын жогорулатуу милдети турат", - деди Акылбек Жапаров.

    Жапаров ошондой эле тармактын өнүгүүсүнө олуттуу салым кошкон айыл чарба кызматкерлерин энчилүү сааттар менен сыйлады.

    Көргөзмөгө айыл чарба техникасы жана республиканын аймактарында өндүрүлгөн айыл чарба продукциялары, жер-жемиштердин ондогон түрү жана сүт продукциялары коюлган.


    Читать похожее

    • 23.10.2023, 03:42:19
    • 22.10.2021, 04:35:06