Akchabarsearch
Источник фото: Интернеттен алынды

Опубликовано

24.04.2023, 10:33

Бишкекте 12-майда “Novotel” мейманканасында USAIDдин “Агросоода” долбоору менен өнөктөштүктө түзүлгөн “Агро Экспортер” (Агро Экспортточу) форуму өтөт.

Маалыматка ылайык, кичи жана орто бизнести өнүктүрүүгө багытталган форумда экспорт маселелери талкууланып, ишкердикти өнүктүрүү үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөр сунулат.

Мындан тышкары, өнөр жайдагы жаңы тенденциялар жана перспективалар менен таанышуу үчүн өкмөттүн, өндүрүүчүлөрдүн жана экспорттоочулардын ассоциацияларынын өкүлдөрүнө кошулууга болот.

Ошондой эле, форумдун алкагында айыл чарба өндүрүүчүлөрү “EXPO Zone” аянтчасында өздөрүнүн өнүмдөрүн көргөзө алышат.

Бул форум Америка Кошмо Штаттарынын Эл аралык өнүктүрүү боюнча агенттиги USAID колдоосу менен уюштурулууда.


Читать похожее