Akchabarsearch
Источник фото: Интернеттен алынды

Опубликовано

12.10.2023, 05:30

Кыргызстандын Улуттук банкы Бишкектеги бир нече акча алмаштыруучу жайлардын лицензиясын убактылуу токтотту.

Улуттук банктан билдиришкендей, 20-октябрга чейин төмөнкү жайлар иштебейт:

  • Бишкек шаары, Манас проспекти 57, 2-квартира дареги боюнча жайгашкан "УРМАТБЕК" ЖЧК алмашуу бюросунун 2020-жылдын 29-октябрындагы № 6016 лицензиясы;
  • Бишкек шаары, Киев көчөсү 129 дареги боюнча жайгашкан "Батиста" ЖЧК алмашуу бюросунун 2022-жылдын 12-июлундагы № 6322 лицензиясы;
  • Бишкек шаары, Абдрахманов көчөсү 133 дареги боюнча жайгашкан "ЭЛКАЗЫНА кейджи" ЖЧКалмашуу бюросунун 2023-жылдын 16-мартындагы № 6491 лицензиясы токтотулду.

Ошондой эле КР мыйзамдарынын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузууга жол бергендиги үчүн 2023-жылдын 11-октябрынан тарта "Фикс Кэш" ЖЧК алмашуу бюросунун нак чет өлкө валюталары менен алмашуу операцияларын жүргүзүү укугу кайтарылып алынды.


Читать похожее

  • 05.08.2024, 21:55:33
  • 26.07.2024, 05:40:07
  • 17.07.2024, 06:00:44
  • 20.10.2023, 02:10:41