Akchabarsearch
Источник фото: Интернеттен алынды

Опубликовано

01.02.2024, 03:45

Бишкекте дагы эки автобустук каттам ачылды.

Мэриянын басма сөз кызматынан билдиришкендей, бүгүнтөн тарта №145 автобус Көк-Жар конушунан Маевка айылына чейин каттайт. Аралыгы 6-8 мүнөттөн линияга 14 автобус кое берилет. Ал эми №169 автобус Ак-Ордо – 3 конушунан Осмонкул көчөсүнө чейин барат.

Муниципалитеттен кошумчалашкандай, акырындап ордо калаадагы бардык маршруттук такси каттамдары автобустар менен алмаштырылат.


Читать похожее