Опубликовано
29.04.2022, 03:45Бишкекте 16-22-май күндөрү Германиянын жумалыгы өтөт. Бул тууралуу аталган мамлекеттин Кыргызстандагы элчилигинен билдиришти.
“Жаштар жана келечек” деген ураандын алдында өтө турган иш-чаралар эки өлкөнүн дипломатиялык мамилелеринин 30 жылдыгына арналат.
Анын алкагында, 20-майда Улуттук филармонияда өтө турган джаз концерти өзгөчө окуя болот. Немис ырчысы Пэт Эпплтон кыргыз музыканттарынын коштоосунда концерт берет.
Кирүү акысыз.