
Опубликовано
28.08.2023, 04:57Бүгүн Бишкекте III кыргыз-фин бизнес форуму өтүп жатат. Бул тууралуу Улуттук инвестиция агенттигинин басма сөз кызматы билдирди.
Форумга Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов, Финляндиянын Кыргызстандагы элчиси Соили Мякелайнен-Буханисттин, Финляндиянын консулу Петри Нумминен жана башка мамлекеттик кызматкерлер катышууда.
Иш-чаранын алкагында айыл чарбасы, тамак-аш өнөр жайы, туризм, энергиянын кайра жаралуучу булактары, анын ичинде катуу калдыктарды кайра иштетүү боюнча маселелер каралат.
Ошондой эле, логистика жана ата мекендик товарларды жана өнүмдөрдү Европа биримдигинин өлкөлөрүнө, анын ичинде Финляндияга экспорттоого байланышкан маселелер талкууланат.



