Опубликовано
28.05.2024, 06:15Бишкекте ысык суу 1-июндан тарта бериле баштайт. Бул тууралуу “Бишкек жылуулук тармагы” ишканасынын жетекчиси Уран Райымбеков билдирди.
Ал белгилегендей, 23-майдан тарта Бишкектеги жылуулук түйүндөрүндө пландуу гидравликалык сыноолор жүргүзүлөт.
“Быйыл пландуу оңдоо иштери 40 күнгө созулат. 1-июндан тарта ысык сууну бере баштайбыз, жөндөө дагы 10 күнгө созулат”, - деди ишкана жетекчиси.
Эске салсак, Бишкекте ысык суу 22-апрелде өчүрүлгөн.