Akchabarsearch
Источник фото: Интернеттен алынды

Опубликовано

03.07.2024, 09:35

Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык инспекциясынын инспекторлору Төмөнкү Аларча айылынын ҮДТ кызматкерлерине (үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу) 46 миң сом айып пул салды. Бул тууралуу Бишкек мэриясы билдирди.

Маалыматка ылайык, аталган Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу медициналык каражаттар – ачык шприцтер жана ампулалар, кол каптар жана башка дары-дармек каражаттарынын калдыктарын өрттөгөн.

“Бардык медициналык калдыктар коопсуз түрдө жок кылынышы керек. Кокусунан ачык асманга ыргытылган дары-дармек чоң коркунуч жаратат”, - деп айтылат маалыматта.

Кызматкерлер менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.


Читать похожее

  • 03.07.2024, 03:35:24