Akchabarsearch

    Опубликовано

    04.07.2023, 06:50

    Кыргызстанга Бавариянын Экономика, аймактык өнүгүү жана энергетика министрлиги жана бизнес делегациясы келет. Бул тууралуу ЖИА бизнес ассоциациясынан билдиришти.

    Буга байланыштуу ЖИА бизнес ассоциациясы Германия менен Кыргызстандын ишкерлеринин бизнес жолугушуусун уюштурууда. Жолугушуу 15-июлда Бишкектеги Орион мейманканасында өтөт (Эркиндик бульвары 21).

    Иш-чара катышуучуларга аймакта иштеп жаткан бавариялык компаниялар менен байланыш түзүүгө жардам берет, анда:

    • иштетүү/кесүү технологиялары;
    • энергетикалык жана экологиялык технологиялар;
    • автомобиль сектору жана машина куруу;
    • жабдууларды өндүрүү;
    • коопсуздук жана коргонуу;
    • медициналык жабдуулар;
    • аэрокосмостук өнөр жайы;
    • кеңеш жана колдоо;
    • кыймылсыз мүлк;
    • транспорт жана автоматташтыруу тармактары талкууланат.


    Читать похожее