
Опубликовано
24.04.2023, 04:45Ушул аптада, 29-апрелде “Create4 той” аталышында креативдүү индустрия боюнча фестиваль өтөт. Анда искусство, музыка, IT, санариптик кесиптерде жана башка креативдүү тармактар чөйрөсүндө ийгиликке жетишкен өкүлдөр өз тажрыйбалары менен бөлүшөт.
Маалыматка ылайык, иш-чарада катышуучуларды панелдик сессиялар жана мыкты адистер менен баарлашуу, мыкты мектептердин жана университеттердин билим берүү программалары жана курстары, ири компаниялардагы бош орундар, мастер-класстар жана талкуулар күтөт.
Фестивалга ар кыл курактагы, креативдүү индустриялар кесиптерине тартылган же кызыккан катышуучулар барса болот. Иш-чара Борбордук Азиядагы Америка Университетинин (АУЦА) имаратында өтөт.
Өлкөнүн креативдүү экономикасын жана чыгармачыл адамдардын бүтүндөй коомчулугун өнүктүрүүнү колдоо үчүн уюштурулуп жаткан “CREATE4” фестивалын БУУӨПтүн (UNDP) Кыргызстандагы өкүлчүлүгү жана Креативдүү индустриялардын ассоциациясы уюштурууда.


