Akchabarsearch
Источник фото: Интернеттен алынды

Опубликовано

12.06.2020, 07:30

Бишкек шаарында спорттук, майрамдык, мааракелик жана башка массалык иш-чараларды өткөрүүгө уруксат бериле элек. Бул тууралуу Бишкек шаарынын вице-мэри Татьяна Кузнецова өкмөт үйүндө өткөн брифингде билдирди.

[news 24982]

Кузнецова тилекке каршы, коронавирустун коркунучун бардык эле жетекчилер түшүнө бербестигин айтат.

«Санэпидкөзөмөл борборунун өкүлдөрү тарабынан «Кайнар» ресторанына массалык иш-чара өткөргөндүгү үчүн айыппул салынган», - дейт ал.

Вице-мэр коронавирус илдетине шектенген учурда 118 ыкчам номерине, санитардык нормалар жана эрежелер сакталбаган учурда Бишкек шаарынын мэриясынын күнү-түнү иштеген 1840, 1850 колл-борборуна кайрылса болорун эскертип кетти.

Белгилей кетсек, 12-июнга карата Кыргызстанда коронавирус илдетин жуктурган 2166 учур катталды. Алардын ичинен 425и медицина кызматкери. Илдеттен 1668 жаран айыкса, коронавирус жуктурган 26 адам каза болду.


Читать похожее

  • 07.07.2024, 22:29:34
  • 30.04.2024, 01:23:17
  • 15.02.2022, 03:12:21
  • 18.02.2021, 03:30:44