Опубликовано
12.07.2023, 05:40Борбор калаада Ж. Абдрахманов 145 дарегинде 30 жылдан бери мыйзамсыз коюлуп келген 21 гараж алынды. Бул тууралуу Бишкек мэриясы билдирди.
Белгиленгендей, гараждарды алуу иштери жол куруу максатында жүргүзүлүүдө.
Натыйжада 260 чарчы метр муниципалдык жер бошотулду.
Буга чейин муниципалдык аймактагы мыйзамсыз орнотулган объекттерден, уруксатсыз имараттардан жана курулмалардан бошотуу боюнча эскертүүлөр берилген.