Akchabarsearch
Источник фото: Интернеттен алынды

Опубликовано

02.07.2024, 11:05

Бишкекте митинг-пикеттерди чектеген чечимдин мөөнөтү дагы үч айга узартылды.

Биринчи май районунун администрациясы билдиргендей, 30-сентябрга чейин борбордук аянтта жана айрым көчөлөрдө тынч жыйындарды өткөрүүгө болбойт.

Район администрациясынын тиешелүү өтүнүчүн райондук сот 1-июлда канааттандырган.

Ар кандай акция өткөрүүнү каалагандар Бишкектеги Максим Горький атындагы бакчага гана чогулса болот.