Akchabarsearch
Источник фото: Интернеттен алынды

Опубликовано

29.09.2023, 09:00

Бишкекте Сауд Арабиянын туристтик агенттиктери менен кыргызстандык ишкерлердин бизнес жолугушуусу өтөт. Бул тууралуу Туризмди өнүктүрүү фондунан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жыл сайын бул өлкөдөн Кыргызстанга миңдеген туристтер келишет, алар 5 күндүк саякатка орто эсеп менен 1,5 миң - 2 миң доллар коротушат.

Фонд кызыктар тараптарды Сауд Арабия Королдугундагы 32 туристтик агенттиктин өкүлдөрү менен B2B жолугушуусуна катышууга чакырат. Катышуу акысыз.

Иш-чара 2023-жылдын 18-октябрында, саат 10:00дө (жолугушуу 2023-жылдын 17-октябрына белгиленген күндөн 2023-жылдын 18-октябрына жылдырылган, катышуучулардын көптүгүнөн улам) Novotel мейманканасында өтөт.


Читать похожее