Akchabarsearch
Источник фото: Интернеттен алынды

Опубликовано

05.12.2023, 03:27

9-декабрдан 13-декабрга чейин Бишкекте “ORO Jewelry Expo” экинчи зергер көргөзмөсү өтөт. Көргөзмө саат 10:00дөн 22:00гө чейин "Орион" мейманканасында болот. Бул тууралуу Соода-өнөр жай палатасы билдирди.

Маалыматка ылайык, анда Careera & Careera, Grant Jewelry, Delta Diamonds, Maxim Demidov, Sanis, ЮД Кабаровских жана башка көптөгөн таанылган дүйнөлүк бренддердин зер буюмдары көрсөтүлөт.

Көргөзмөдө 8 өлкөнүн бренддери катышууда. Бул өлкөлөр Кыргызстан, Италия, Испания, Казакстан, Орусия, Австралия, Түркия, Тибет. Бул күндөрү алар 3 миңден ашык:

  • баалуу металлдардан жасалган, баалуу жана жарым асыл таштар менен жасалган зер буюмдары;
  • табигый таштар менен зер буюмдары;
  • нике шакектери;
  • зергердик сааттар;
  • кымбат баалуу металлдардан жасалган идиш-аяктар;
  • бижутериялар жана башка зер буюмдары көрсөтүлөт.


Читать похожее

  • 17.06.2024, 23:55:18
  • 16.06.2024, 21:40:33
  • 10.05.2024, 01:28:37
  • 08.04.2024, 22:23:14