
Опубликовано
07.07.2023, 06:05Ж.Баласагын атындагы КУУнун Юридикалык колледжинин атайын дисциплиналар боюнча предметтик-методикалык комиссиясынын ага окутуучусу А.Ш.Д. студенттен пара алып жатканда кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
Маалыматка ылайык, мугалим студентти жайкы сессияга киргизерин айтып, жакшы баа алууга жардам берерин убада кылган. Бул кызматы үчүн 25 миң сом талап кылган.
Мугалим көрсөтүлгөн сумманы алып жаткан жеринен кармалды.



