Опубликовано
23.04.2022, 04:11Жасалма АКШ долларын ташуу жана сатуу боюнча эл аралык каналга бөгөт коюлду. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Бишкекте уюшкан кылмыштуу топтун айрым мүчөлөрү чет мамлекеттердин биринен алып келинген жасалма АКШ долларын сатуу боюнча туруктуу эл аралык канал түзүшкөнү боюнча ыкчам маалыматтар алынган.
УКМК сотко чейинки өндүрүштүн алкагындагы ыкчам-тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө, КР Кылмыш-жаза кодексинин 233-беренесинин 1-бөлүмүндө каралган кылмыштын негизинде 21-апрелинде Бишкек шаарында уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү Жалал-Абад облусунда 1983-жылы туулган Ж.М.Ж., 11,5 миң жасалма доллар сатууга аракет кылып жаткан жеринен кармалды.
Ал КР Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык, УКМК тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Учурда бул ишке тиешеси бар адамдарды аныктоо боюнча иштер жүрүүдө.