Опубликовано
01.12.2023, 06:15Бишкектин 19 муниципалдык отканасы газга ийгиликтүү которулду. Бул тууралуу “Газпром Кыргызстан” компаниясынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, долбоор Бишкек шаарынын мэриясы менен “Газпром Кыргызстан” компаниясы 2021-жылдын январында кол койгон меморандумдун алкагында ишке ашырылды.
Макулдашуу “Бишкек шаарында жана Чүй облусунун Сокулук, Аламүдүн райондорундагы экологиялык абалды жакшыртуу боюнча комплекстүү чаралардын 2021-2023-жылдарга планын” ишке ашыруу максатында иштелип чыккан.
Бүгүн Бишкек мэриясынын, “Бишкекжылуулукэнерго” КИ жана “Газпром Кыргызстан” компаниясынын өкүлдөрү №35 жалпы билип берүүчү мектебине жана №12 бала бакчасына барышты. Иш сапардын жүрүшүндө жолугушуунун катышуучулары мекемелерде түзүлгөн жаңы шарттар менен таанышып чыгышты.