
Опубликовано
04.04.2023, 10:10Бишкектеги “Бимар” супермаркетине бааларды улуттук валютада көрсөтпөгөндүгү үчүн айып пул салынды. Бул тууралуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, социалдык тармакта “Бимар” супермаркетинде товарлар улуттук валютада эмес, рубль менен сатылып жатканы тууралуу маалымат пайда болгон.
Аталган мыйзам бузуу фактысы боюнча Токтогул 116 дарегинде жайгашкан супермаркет текшерилген.
“Текшерүү үчурунда мыйзам бузуу аныкталып, аталган супермаркетке 5 миң сом айып пул салынды жана эскертүү берилди” ,- деп айтылат маалыматта.
Дүкөндүн администрациясы эреже бузуу техникалык ката жана программалык камсыздоонун бузулушунан улам болгондугун мойнуна алган.
“Супермаркеттин администрациясы мыйзам бузууну мойнуна алды жана мындан ары керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо боюнча Кыргызстандын мыйзамдарынын ченемдерин бузбоого милдеттенди”, - деп айтылат маалыматта.



