Бишкектин Каралаев көчөсү, 1а дарегинде жайгашкан “Шашлычная №1” кафеси жабылды. Бул тууралуу Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаменти билдирди.
Маалыматка ылайык, кафеге 23 миң сом айып салынып, бардык санитардык эреже бузуулар жоюлганга чейин жабылды.
Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борбору кафеге пландан тышкары текшерүү жүргүзүп, анда төмөнкүдөй санитардык эреже бузууларды аныктаган:
- шишкебек даярдоонун технологиялык процессинин агымын сактабоо, өндүрүштүк цехтерди башка максаттарда пайдалануу;
- өндүрүштүк цехтердин, булганган жабдуулардын канааттандырарлык эмес санитардык абалы, дезинфекциялоочу каражаттардын жетишсиз колдонулушу;
- жабдууларда маркировканын жоктугу;
- кызматкерлердин өздүк гигиена эрежелерин сактабашы, зергер буюмдары менен жумушка киргизүү, санитардык кийимдердин жетишсиздиги;
- кызматкерлерди медициналык кароодон өткөрбөө, айрымдары үчүн медициналык кароодон кечиктирүү.