Опубликовано
17.08.2023, 04:48Свердлов районундагы Каражыгач токою сейил багындагы Чоң Чүй каналына пандус курулат. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын, коляскадагы балдары бар ата-энелердин жана велосипедчилердин сейил бакка тоскоолдуксуз кирүүсүнө шарт түзүү максатында көпүрөнү жакшыртуу пландалууда.
“Буга байланыштуу шаардын бардык тургундарына жана борбор калаанын конокторуна ыңгайлуулукту жана коопсуздукту камсыз кылган атайын пандус куруу пландалууда”, - деп айтылат маалыматта.
Пандус бардык жарандарга, анын ичинде ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү жана кыймылга чектөөлөр бар адамдарга бирдей мүмкүнчүлүк берүү үчүн жеткиликтүүлүк жана коопсуздук стандарттарын эске алуу менен иштелип чыгат.