Akchabarsearch
Источник фото: Интернеттен алынды

Опубликовано

05.03.2024, 10:00

Кыргызстандагы темир-бетон буюмдарын жана металл эмес материалдарды чыгаруучу эң ири ишкана “Кум-Шагыл” жабык акционердик коому ишин жандантты. Бул тууралуу Бишкек мэриясы билдирди.

Маалыматка ылайык, учурда өндүрүштү жандандыруу боюнча иштер жүрүп жатат: электр энергиясы, суу менен камсыздоо жана башкалар жаңыланууда.

“Белгилеп кетсек, Министрлер кабинетинин чечими менен ишканага тышкы башкаруу киргизилип, тышкы башкаруучу дайындалды”, - деп айтылат маалыматта.

Эскерте кетсек, буга чейин мэрия 2023-жылдын 1-декабрындагы актыга ылайык, 12-кичи райондун түштүк тарабындагы карьердин аймагы муниципалдык менчик экенин билдирген. Бирок, “Кум-Шагыл” ЖАКсы карьерди иштетүү боюнча иштерди жүргүзгөн. Буга байланыштуу Геология комиссиясы 2024-жылдын 7-февралында тоо-кен казып алуу жана карьерлерди иштетүү лицензиясын жокко чыгаруу боюнча чечим чыгарган. Анын негизинде карьердеги иштер токтотулган.


Читать похожее